2020-2021-окуу жылына колледждерде 4 131 гранттык орун каралган

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов тарабынан кол коюлган КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 2020-2021-окуу жылына карата орто кесиптик билим берүү уюмдарында 4 131 бюджеттик (гранттык) орунга кабыл алуу планы бекитилген.

2 130 бюджеттик орун – Билим берүү жана илим министрлигине караштуу окуу жайларга,

1 335 бюджеттик орун – Саламаттык сактоо министрлигине караштуу окуу жайларга,

456 бюджеттик орун – Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу окуу жайларга,

125 бюджеттик орун – КР БИМдин алдындагы Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигине,

60 бюджеттик орун – Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу окуу жайларга,

25 бюджеттик орун – КР Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине.

Орундардын көбүрөөк саны төмөнкү адистиктер боюнча бөлүнгөн:

•         560 орун – башталгыч класстарда сабак берүү,

•         525 орун – медайым иши,

•         275 орун – дарылоо иши,

•         275 орун – акушер иши,

•         150 орун – лабораториялык диагностика,

•         141 орун – аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча)

•         100 орун – мектепке чейинки билим берүү,

•         100 орун – ветеринария.

Total Page Visits: 9 - Today Page Visits: 2