Новости

Колледж: Артыкчылык критерийлери

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүүдө, алардын базасында колледждер жана кесиптик лицейлер үчүн регионалдык эмгек рынокторунда дээрлик суроо-талапка ээ болгон адистиктер боюнча эксперименталдык билим берүү программалары пилоттолот. Бул борборлор жөнүндө кененирээк аталган программанын адиси Салия Сейдахматова айтып берди.

  • Алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүүнүн зарылдыгы эмнеден улам келип чыккандыгы тууралуу айтып бериңизчи?

               – Акыркы жылдары дүйнөнүн дээрлик бардык өнүккөн өлкөлөрүндө улуттук билим берүү системасынын тереңдиги жана масштабы боюнча ар кандай реформалар жүргүзүлүүдө. Кыргызстан да биздин адистердин сапаттын эл аралык стандартына ылайык келүүсүнө умтулууда. Узак убакыт бою сапатты кепилдөөнүн ишенимдүү механизмдеринин жоктугу көйгөй болуп келген, дипломдордун девальвациясы орун алган. Колдорунда “дипломдору” менен абитуриенттер жумушсуз адамдардын катарын толуктап келишкен, анткени практикалык көндүмдөргө ээ болгон эмес, жада калса теориялык билимдери да иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык келген эмес.

               Ошондуктан, кесиптик билим берүү уюмдарын натыйжалуу башкаруу көйгөйү өзгөчө курч турган. Республиканын колледждеринин жана кесиптик лицейлеринин миссиясын жана билим берүү максаттарын кайрадан ойлонуштуруп чыгуу, алардын динамикалуу жана тез өзгөрүп туруучу чөйрөгө, заманбап рыноктун, коомдун жана өзүнчө индивидуумдардын жаңы талаптарына таасирденүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгы пайда болду.

               Андан тышкары, глобалдашуу жана интеграциялоо доорунда кесиптик техникалык билим берүү жана окутуу же КТБО системасына карата талаптар экономикалык өсүүгө, жумуштуулукка жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө салым кошуу боюнча тааныш чакырыктардын алкагынын чегинен сырткары чыгууда. Бүгүн кесиптик техникалык билим берүү жана окутуу социалдык адилеттүүлүктү жана инклюзияны, өлкөнүн адам ресурстарын өнүктүрүүнүн туруктуулугун камсыздоонун маанилүү ыкмасы болуп саналууда.

               Ошондуктан, КР Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында эксперименталдык билим берүү практиктерин иштеп чыгууну жана пилот жүргүзүү ишин баштады. Долбоордун маанилүү түзүүчүсү болуп Алдыңкы тажрыйба борборлорун, башкача айтканда “өсүү чекиттерин” түзүү саналат, ал 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын регионалдык саясатынын концепциясында каралган.

–        Алдыңкы тажрыйба борбору же АТБ эмнени билдирет?

               – Бул колледж, анда заманбап коопсуз инклюзивдүү билим берүү чөйрөсү түзүлгөн. АТБ интенсивдүү өнүктүрүүчү регионалдык борборлорунун керектөөлөрүнө ылайык орто кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдоого арналган. Алдыңкы тажрыйба борбору тиешелүү жетекчиликти, биздин өлкөгө ыңгайлаштырылган натыйжалуу практикалар менен алмашууну камсыздайт жана өлкөнүн жана региондун артыкчылыктарына багыттоо менен компетенттүүлүк негизде колдоону жана окутууну сунуштайт.

               Бул Борборлордун базасында  республиканын калган колледждери үчүн иш жүзүндөгү маалыматтарды, пландаштырылган иштердин татаалдыгынын деңгээлин, жетишкен ийгиликтин деңгээлин, ресурстардын жеткиликтүүлүгүн талдоонун негизинде окуу жайды стратегиялык инновациялык өнүктүрүү боюнча моделди түзүү пландалууда. АТБда эксперименталдык кесиптик стандарттардын, компетенттүүлүк негизде, жумуш ордунда окутуунун, сапатты башкарууга окутуунун негизиндеги окуу программаларын ишке ашыруудагы мыкты методологиялар жана практиктер пилоттолот. Ресурстарды – адам, финансылык, материалдык ресурстарды жана убакытты сарамжалдуу пайдаланууга олуттуу көңүл бурулууда. Биздин окуу жайларды каржылоону стартегиялык жана билим берүү максаттары менен макулдашууга үйрөтүү зарыл.

               Квалификациялуу педагогикалык кадрларсыз заманбап билим берүү чөйрөсү мүмкүн эмес. Тилекке каршы, колледждердин жана кесиптик лицейлердин педагогдорун жана мастерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө системалуу каталыктар бар. Ошондуктан, билим берүү уюмдарынын инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин жеке жана кесиптик көндүмдөрүн колдоо жана өнүктүрүү үчүн программалар да пилоттолот.

               Баштапкы этапта эле колледждерди тандоо катуу критерийлер боюнча жүргүзүлгөн. Бул билим берүү программаларынын региондук эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык келиши, өндүрүш менен өнөктөштүктү илгерилетүү жана колдоо боюнча тажрыйбанын болушу, жумуш ордунда окутуу механизмдерин ишке ашырууда жана кеңейтүүдө ийгиликтин болушу. Жалпысынан даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча педагогикалык жана башка орто кесиптик билим берүү системасынын адистештирилген окуу жайлары менен кызматташууга даяр экендиги, жетекчилигинин жана педагогикалык жамаатынын дарамети бааланган. Бул критерийлердин негизинде Бишкектеги жана областтардагы сегиз колледж жана 10 кесиптик лицей долбоор үчүн тандалып алынган.

–           Колледжден Алдыңкы тажрыйба борборуна өтүү кантип ишке ашырылып жатат?

–           Алдыңкы тажрыйба Борборун өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоонун ролу абдан маанилүү. Ошондуктан, биринчи кезекте стартегиялык планды түзүү милдети турат. Тиешелүү түрдө колледждердин жетекчилери жана кызматкерлери окутулган. Аларга стратегиялык башкаруунун куралдары берилди, учурдагы абалды талдоого, стратегиялык максаттарды, милдеттерди жана аракеттерди иштеп чыгууга үйрөттүк. АТБ – бул инновациялык окуу жай, анда натыйжага жетишүү финансынын, кызыкдар тараптардын кызыкчылыгынын, ички процесстердин, кызматкерлердин дарамети жана билим берүү максаттарынын ортосундагы жакшы балансты сактоо менен стратегиялык планды натыйжалуу ишке ашыруудан түздөн-түз көз каранды.

               Колледжди Алдыңкы тажрыйба борборуна трансформациялоонун шарттарында окуу жайлар заманбап эмгек рыногунунун талаптарына ылайык келүү жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында ыкчам таасирденүү жана инновациялык өнүгүү стратегиясын тандайт.

               Азыркы учурда мындай өнүктүрүү стратегияларын түзүү этабы башталды. Ошол эле учурда ар бир АТБ регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунуштарды талдоонун натыйжаларын эске алат, мындай талдоо “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында да жүргүзүлгөн. АТБда бекитилген индикаторлорго ылайык мониторинг, баалоо жана стратегияларды ишке ашырууну жана билим берүү программаларын жакшыртуу процессин туруктуу негизде координациялоочу сапатты башкаруу системасы орнотулууда.

      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Алдыңкы тажрыйба борборлорунда пилот жүргүзүү жөнүндө токтому кабыл алынган, ал квалификациялуу жана рынокто суроо-талапка ээ адистерди даярдоого карата колледждерге бөлүнүп берилүүчү бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Кызматкерлерди окутуу ишке ашырылууда. Эксперименталдык билим берүү стандарттары жана 16 адистик боюнча окуу прогарммалары иштелип чыгууда.

–        Түзүлгөндөн кийин АТБнын баштапкы жана орто кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүдө ролу кандай?

Буга чейин айтылып кеткендей, “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында колледждерин базасында сегиз АТБ жана кесиптик лицейлердин базасында – 10 АТБ түзүлөт. Аларга эмгек рыногунда региондук артыкчылыктарды чагылдыруучу кесиптер боюнча жалпысынан 4000 студентти даярдоону уюштурууда жардам көрсөтүү үчүн алардын дарамети жогорулатылат. Консультативдик жана техникалык семинарларды ишке киргизүү тиешелүү бизнес-ассоциацияларга АТБда көндүмдөргө окутууга карата талаптарды аныктоого жана компанияларда студенттерди жумуш ордунда окутуу үчүн иш-чараларды пландоого жардам берет. Жаңы окуу прогарммасынын алкагында жалпысынан кесиптик лицейлердин 1000 мастери жана колледждердин 2000 педагогу окутулат.

АТБга карата саясат жана жумуш ордунда окутуу окуу пландарын макулдашууга жана баштапкы менен орто кесиптик билим берүү жана окутуунун ортосундагы студенттердин жолдорун өнүктүрүүгө, билим алуучулар үчүн практикалык көндүмдөргө ээ болуу жана демонстрациялоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле билим алуучуларга өндүрүштөн ажырабастан, кесиптик даярдыкка ээ болууга мүмкүндүк берет. Жалпысынан АТБ Кыргыз Республикасындагы кесиптик техникалык билим берүү жана окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн ишенимдүү негиз болууга, региондордун экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Маалымат:

Борборлор төмөнкү колледждердин жана кесиптик лицейлердин базасында түзүлүүдө:

  • Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи, Бишкек ш.;
  • ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи, Жалал-Абад ш.;
  • Т. Кулатов атындагы Тоо-техникалык колледжи, Кызыл-Кыя ш.;
  • К.Скрябин атындагы КУАУнун Агро-өнөр жай колледжи, Токмок ш.;
  • С.Нааматов атындагы НМУнун Агроэкономикалык колледжи, Нарын ш.;
  • Кара-Балта техникалык-экономикалык колледж, Кара-Балта ш.;
  • Индустриалдык-педагогикалык колледж, Балыкчы ш.;
  • ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи, Ош ш.;

Кесиптик лицейлер N 87, 32, 61, 49, 5, 4, 63, 69, 70, 7.