Новости

Токмок агро-өнөр жай колледжинде футбол боюнча турнир болуп өттү

Токмок агро-өнөр жай колледжинде “Дүйнөлүк ден соолук күнүнө” арналган футбол боюнча группалар аралык турнир болуп өттү. Турнирге колледжин окуу группаларынын курама командалары катышышты.

Футбол боюнча турнир спорт духунда өтүп, абдан кызыктуу болду. 1-орунду Э2-146 окуу группасынын курама командасы, 2-орунду ТОЭ3-38 окуу группасынын курама командасы ээледи.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.