Новости

Колледждердин кайсы адистиктери Кыргызстандын эмгек рыногунда дээрлик суроо-талапка ээ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги дээрлик суроо-талапка ээ адистиктер жана кесиптер, ошондой эле эксперименталдык окуу программалары боюнча тиешелүү көндүмдөргө ээ болууга мүмкүн болгон орто кесиптик окуу жайлар жөнүндө маалымдайт.

Азия өнүктүрүү банкынын колоосу менен ишке ашырылып жаткан КР БИМдин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 2019-жылдан тартып аймактык эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон адистиктер боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аталган адистиктерге долбоордун Алдыңкы тажрыйба борборлоруна трансформацияланган пилоттук колледждеринде ээ болуу мүмкүн. Башкача айтканда, бул коллеждердин базасында окутуу компетенттүүлүк мамилеге негизделген окуу программалары боюнча жүргүзүлөт, милдеттүү дисциплина катары ишкердик өздөштүрүлөт.

Алдыңкы тажрыйба борборлорунда иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү аркылуу жумуш ордунда окутууга басым жасалат жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусунун пайызын жогорулатат, көндүмдөргө чыныгы жабдуулары менен заманбап окуу-өндүрүштүк комплекстерде ээ болуу мүмкүн. Ошондой эле АТБга педагогдордун жана мастерлердин квалификациясын жогорулатуу киргизилүүдө, бул окутуунун сапатын олуттуу жогорулатат. Карьера борборлору бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөк көрсөтүшөт.

Алдыңкы тажрыйба борборлорунда компьютердик класстар жабдылат, майып студенттердин керектөөлөрүн эске алуу менен (пандустар, көтөргүчтөр) имараттарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт, окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлөт, окуу лабораториялары жана устаканалар жабдылат.

 

 

  Тармак ОКБнын пилоттук адистиги Локация
1 Электр- жана жылуулук энергетикасы

 

Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) Нарын шаарындагы Агроэкономикалык колледж

 

 

Электр станциялары, тармактар жана системалар ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи
Электр жана электр механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча)

 

Токмок агро-өнөр жай колледжи
2 Токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү Жыгач иштетүү технологиясы, эмеректи конструкциялоо дизайны Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи
3 Геология, пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү Ачык тоо-кен иштери Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо техникалык инновациялар жана экономика колледжи
4 Айыл чарба жана айыл чарба илимдери Айыл чарба продукцияларын (эт, сүт) өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы Нарын шаарындагы Агроэкономикалык колледж

 

Айыл чарба продукцияларын (жер-жемиштер, жашылчалар жана мөмө-жемиштер) өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо техникалык инновациялар жана экономика колледжи
Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу Токмок агро-өнөр жай колледжи
  Ветеринария ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи

Нарын шаарындагы Агроэкономикалык колледж

5 Жеңил өнөр жай технологиясы Тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи

 

Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо техникалык инновациялар жана экономика колледжи

6 Архитектура жана курулуш Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи
Ички санитардык-техникалык жана желдетүүчү каражаттарды монтаждоо жана эксплуатациялоо Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи
7 Информатика

 

Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо ·    Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи,

·    Ысык-Көл Индустриалдык- педагогикалык колледж,

·    Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи,

·    ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи,

·    ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи,

·    Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо техникалык инновациялар жана экономика колледжи ,

·    Нарын шаарындагы Агроэкономикалык колледж

8 Тейлөө, туризм жана маалыматтык коопсуздук Мейманкаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу Ысык-Көл Индустриалдык-педагогикалык колледжи
9 Жерде жүрүүчү транспорттун техникасы жана технологиясы Транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортунан тышкары) Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи
Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи
10 Билим берүү жана педагогикалык илимдер Кесиптик окутуу (тармактар боюнча) Мейманкаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу Ысык-Көл Индустриалдык-педагогикалык колледжи
Кесиптик окутуу (тармактар боюнча) Транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортунан тышкары) Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи
Кесиптик окутуу (тармактар боюнча) Тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи